"Дем" театрынын жигиттери бирде 70-80деги кемпир-чалдын кейпин, бирде аракечтин, бирде көзү ачыктын образын жаратып, элдин боорун эзишти








Кыргыздын таланттуу актёр жигиттеринен куралган "Дем" театры жыл сайын 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамына карата концерт берүүнү салтка айлантышкан. Аталган театрдын бул эксклюзивдүү концерти бүгүн, 26-майда "Кинозал" бөлүмүн толуктап отурат.
Автор: Дамира Арстанова
Концерттин дээрлик 90 пайызы боорду эзген тамашалар менен коштолгон. Алар бирде 70-80деги кемпир-чалдын кейпин, бирде аракечтин, бирде көзү ачыктын образын жаратышты.
Мындан сырткары "демчилер" концерт учурунда эч кандай үн коштоосу жок, турган турпаты, кийимдери менен ар кандай кыймылдарды жасап, пантомималары менен да элдин боорун эзишти. Алардын «Музаман» тобунун коштоосунда бийлеген бийи көрүүчүлөрдүн өзгөчө кол чабуусуна арзыды.
"Дем" театрынын эксклюзивдүү концертин "Кинозал" бөлүмүнөн көрүңүз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Концертти толугу менен төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп көрө аласыз: http://www.super.kg/tasma/show/1033/