super.kg logo

Михаил Лермонтовдун 200 жылдыгына карата орус тилдүү жаш жазуучулардын форуму өткөрүлөт

 

Бишкекте 30-31-майда орусиялык Илим жана маданият базасында Михаил Лермонтовдун 200 жылдыгына карата КРнын орус тилдүү жаш жазуучуларынын форуму өткөрүлөт.

Тандап алуу сынагына өлкөнүн төрт бурчунан келген 35 жаш адабиятчы катышып, алардын арасынан 20сы тандалып, форумга катышууга жолдомо алышкан.

Иш-чаранын алкагында катышуучуларга белгилүү кыргызстандык жазуучулар проза, драматургия, поэзия жана котормо жаатында мастер-класс өтүшөт. Ошондой эле эки күн аралыгында адабиятка тийиштүү суроолордун үстүндө тегерек стол, чыгармачыл кечелер болот.

“Жаш жазуучуларды шыктандыруу максатында форумдун катышуучуларынын мыкты эмгектери электрондук китеп болуп чыгарылып, алар Орусиянын жана Кыргызстандын китеп басылмаларына, билим берүүчү мекемелерге, адабият жана филология факультеттерине, дүйнөнүн көрүнүктүү китепканаларына таркатылат. Мындан тышкары мыкты чыгармаларды КРнын адабий журналдарына чыгарууга сунушталат”,- деп билдиришти форумдун уюштуруучулары Кыргызстандагы Орусия кызматташтыгынын элчилиги жана “ЛитКом” орус тилдүү жазуучулардын адабият бирикмеси. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: