“Бажы биримдигине кирбесек, “Дордойдо” иштегендер бизнесин жоготушу мүмкүн” деди Темир Сариев
Кыргызстан Бажы биримдигине кирбесе, “Дордой” базарында иштегендер бизнесин жоготушу мүмкүн. Муну ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин 26-майдагы жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирди. Министр биримдикке кире электе эле Кытай менен болгон соода байланышы төмөндөгөнүн айтты. “Аталган базарда иштегендер “Бажы биримдигине кирбесек, бизнесибизди жоготобуз” деп кайрылып жатышат. Мыйзамсыз кирген товарлар токтотулду. Эгер биримдикке кирсек, бардык ишкерлер үчүн бирдей талаптар болот”,- дейт Сариев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

