Сокулук районунда автокырсыктан 2 киши көз жумду
Сокулук районунун аймагында Бишкек- “Манас” аэропорту багытындагы автожолдун 35-чакырымында 10-январда автокырсык болуп, эки киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Опель авоунаасынын айдоочусу жылгаяктан улам унааны башкара албай, даракты сүзгөн. Автокырсыкта каза болгондор: айдоочу - 1993-жылы туулган Гүлжигит Максатбек уулу жана жүргүнчү - 1996-жылы туулган М.Сагыналиев экендиги аныкталды. Мындан сырткары бир киши жараат алып, Бишкек шаардык ооруканасына жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
AURELIUS

11.01.2013. 17:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul kyrsykty oz kozum menen korgom mashinany kesip chygaruuga tuura kelgen
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.