Чек ара аймагындагы жерлерди чет өлкөлүк жарандарга сатууга тыюу салынганы жатат
Кыргызстанда өзгөчө статуска ээ, чек арага жакын айылдардагы жерлерди чет өлкөлүк жарандарга сатууга тыюу салынганы жатат. Тийиштүү мыйзам долбоору бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинин жыйынында каралып, 2-окууда колдоо тапты. Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, бул мыйзамды демилгелөөгө Баткен облусундагы абал түрткү болду. "Мыйзам кабыл алынса, чек ара аймактарында жашагандар мүлктөрүн чет элдик жарандарга сата алышпайт. Мамлекеттин бүтүндүгү үчүн ушул мыйзам сунушталууда”,- деп билдирди Шыкмаматов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

