Ошто Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн 22 жылдыгына карата аскер техникалары жана куралдарынын көргөзмөсү өтөт
КРнын Куралдуу күчтөрүнүн 22 жылдыгына карата 29-май күнү Ош шаарынын борбордук аянтында аскер техникалары жана куралдарынын көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Аны Ош гарнизонунун аскер бөлүктөрү уюштурууда. Маалым болгондой, көргөзмөгө шаар тургундары, ЖОЖдун студенттери жана мектеп окуучулары келип, аскер техникалары менен тааныша алышат.
Иш-чаранын соңунда шаардыктар үчүн концерттик программа тартууланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.