Пётр Порошенко Крымды Украинага кайтаруу үчүн бардык күчүн жумшаарын айтты
Украинада өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Пётр Порошенко Крымды Украинага кайтарып алуу үчүн бардык юридикалык мүмкүнчүлүгүн колдонорун айтты. Порошенко мындай пикирин бүгүн, 26-майда чет элдик ММКларга билдирди.
“Украина бийлиги Крымды кайтарып алууга бардык юридикалык рычагдарды колдонот. Биринчи юридикалык рычаг - Эл аралык сотко доо арыз берүүгө даярдык”,- деди ал. Порошенко буга чейин Крымды Украинага кайтарып алуу өзүнүн негизги максаты экенин билдирген эле.
Өзүнүн принциптерине таянып, Крымдын Орусияга кошулганын жана өлкөнүн чыгышындагы өткөрүлгөн референдумдарды тааныбастыгын айтты Порошенко.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

