Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда парламенттин ачык-айкындуулук маселеси талкууланды
Бишкекте бүгүн, 26-майда «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоочулар
менен иштөөсү жана өз ара аракети жөнүндө жобонун» бет ачары болду. Иш-чарага ЖКнын Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы
Айнуру Алтыбаева, Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин
төрагасынын орун басары Роза Акназарова, депутат Курманбек Осмонов катышты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз парламенти тарабынан ушул жылдын 23-апрелинде кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоочулар менен иштөөсү жана өз ара аракети жөнүндө жобо» депутаттардын жарандык коом менен өз ара аракетин жакшыртууга жана мыйзам чыгаруу органына карата элдин ишенимин жогорулатууга өбөлгө түзөрү тууралуу пикирлер айтылды.
Бет ачарлар «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аймактык деңгээлде жарандык коом менен өз ара аракетин бекемдөө демократия үчүн Вестминистер фондунун колдоосу менен өттү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

