super.kg logo

Жылнаама, 27-май: Мындан 367 жыл мурун Америкада биринчи жолу жез кемпир деп күнөөлөнүп Ача Янг аттуу аял өлтүрүлгөн

 
* Мындан 8 жыл мурун, 2006-жылы өлкөдөгү бийликтин туруксуз саясатына нааразы болгон "Реформа үчүн" кыймылы Бишкек шаарында тынч митинг өткөргөн. Митингде 10 пункттан турган резолюция кабыл алынып, эгер алар күзгө чейин аткарылбаса, Бакиев-Кулов тандеминин кызматтан кетүүсүн талап кылары айтылган. “Реформа үчүн” кыймылдын жетекчилеринин бири жана митингди алып барган М.Эшимкановдун айтымында, митингге 30 миң чамалуу адам катышкан. 
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө - Кабылан-Көл унаа жолунун 16-чакырымына саат 06:00 чамасында жалпы көлөмү болжол менен 1500 метр куб болгон жер көчкү түшкөн. Жер көчкүнү тазалоого Транспорт жана коммуникация министрлигинин жолдорду эксплуатациялоочу мекемеси тарабынан 1 даана жүктөгүч жөнөтүлгөн.
* Мындан 367 жыл мурун, 1647-жылы Америка Кошмо Штаттарынын Массачусетс штатында биринчи жолу жез кемпир деп күнөөлөнүп Ача Янг аттуу аял асып өлтүрүлгөн. 
* Мындан 21 жыл мурун, 1993-жылы Орусияда гомосексуалисттерге карата кылмыш ишин козгоо токтотулган.
27-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
27.05.2014. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындан 22жыл мурун мен торолгом
27.05.2014. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмне учун жезкемпир деп олтурулгон,эмне кылганы учун антип аталган экен.
27.05.2014. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ula1987, жез, алюминий алса керектир эле да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: