super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

 

Бүгүн, 26-майда КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума менен жолугушту. Анда өкмөт башчы элчини Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өткөн экономикалык форумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Премьер-министр Сауд Арабия падышалыгы аймактык жана эл аралык саясатта иш алып барууда Жакынкы Чыгыштагы ири каржылык жана экономикалык борбор болуп саналарын белгилеп өттү. 

Жоомарт Оторбаев өлкөлөр аралык жогорку деңгээлдеги жолугушууларды жандандыруу маанилүүлүгүн айтып, экономикалык кызматташуу кыргыз-сауд мамилесиндеги приоритеттердин бири экенин белгилеп өттү. Өкмөт башчы Сауд Арабияда өтүүчү Кыргызстандын Маданият күндөрү 2013-жылда өткөн иш-чара сыяктуу ийгиликтүү өтүшүнө ишенерин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: