super.kg logo

Бүгүн Нурак Абдырахмановдун шакирттери отчёттук концертин беришти (фоторепортаж)

 
Концерт төкмө акын Азамат Болгонбаевдин комузчуну жоктогон ыры менен ачылды.
Нурак Абдырахманов акыркы шакирттерине комуз үйрөтүүдө.
Нурак Абдырахманов акыркы шакирттерине комуз үйрөтүүдө.
Нурак Абдырахмановдун акыркы шакирттери анын күүлөрүн аткарышты.
Бул концертке КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев да келиптир.
Нурак Абдырахмановдун акыркы шакирттери анын күүлөрүн аткарышты.
Концертке келген көрүүчүлөр.
Таланттуу Назгүл жана Ислам.
Юлия Руцкая жана Бакыт Жакыпов.
Концертке келген көрүүчүлөр.
Юлия Руцкая Нурак Абдырахмановдун "Аппак сүйүү" ырын аткарууда.
Юлия Руцкая Нурак Абдырахмановдун "Аппак сүйүү" ырын аткарууда.
Бакыт Жакыпов Нурак Абдырахмановдун күүсүн чертүүдө.
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы окуу жайдын студенттери "Манас" айтышты.
Мирбек Атабеков жана Азиз гитаранын коштоосунда "Ильяздын ырын" чогуу аткарышты.
Азиз жана Назгүл "Сүйүү азабы" аттуу муңдуу ыры менен.
Кичинекей Ислам "Апама" ыры менен.
“Эн белги” системин балдарга үйрөткөн жаш устаттары Нурак Абдырахмановдун "Мезгил жаңырыгы" күүсүн чертишти.

Бүгүн, 26-майда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында комузчу, күүчү, ырчы жана аткаруучу Нурак Абдырахмановдун шакирттери отчёттук концертин беришти.  

Концертте Нурак Абдырахмановдун “эн белги” усулунда (ноталарды билбей туруп комузда ойноо инновациялык системи) 9 ай бою комузда үйрөнүшкөн жаш таланттар улуу инсандын күүлөрүн аткарышты. Алгач концерт төкмө акын Азамат Болгонбаевдин комузчуну жоктогон ыры менен ачылды. Муну менен катар өрнөктүү өмүрүн чыгармачылыкка арнап кеткен Нурак Абдырахманов тууралуу видеотасма көрсөтүлдү.

Андан соң сахнага өзүнүн көз жашын араң кармаган ырчы Юлия Руцкая чыгып: “Нурак ага бул концертти абдан күткөн болчу. Тилекке каршы, шум ажал бир күн калганда арабыздан алып кетти. Концертти өткөрбөй эле коёлу деп чечкенбиз, бирок бул балдар Нурак аганын акыркы шакирттери болгондуктан, анын үй-бүлөсү уруксат беришти”,- деди.

Концерттин форматы Нурак Абдырахмановдун дүйнө салгандыгына байланыштуу өзгөртүлүп, ал эскерүү кече катары өткөрүлдү.

Бул концертке Мирбек Атабеков да катышып, “эн белги” усулунда сабак алган таланттар менен өз репертуарындагы ырларды аткарды. Ошондой эле Бүбүсара Бейшеналиева атындагы окуу жайдын студенттери өнөрлөрүн тартуулашты.

Маалымат үчүн айта кетсек, “эн белги” системин өздөштүрүү белгилүү комузчу Нурак Абдырахмановдун жетекчилигинде өткөрүлгөн. Ага көз оорусунан жабыркаган балдардын мектеп-интернатынын окуучулары жана борбордогу жогорку окуу жайлардын студенттери катышып, комуз черткенди үйрөнүп чыгышкан.

Бул долбоорду “Сорос-Кыргызстан” фондунун көмөгү аркылуу “Айгине” маданий-изилдөө борбору ишке киргизген. 

Эскерте кетсек, кечээ, 25-майда Нурак Абдырахманов 67 жаш курагында дүйнө салды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
26.05.2014. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Журогум ооруп турат :( Жузунон нуру тогулгон элибиздин табылгыс инсаны болчу."Аппак суйуу" чыгармасы эле кандай мактоого татыырлык ыр!Агайыбыздын жаткан жери жайлуу болсун!
26.05.2014. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
. Бир кун калганда отуп кетип,ото кайгылуу иш болуптур. Таланттуу инсан эле, аркы дуйносун берсин!!!
27.05.2014. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурак атадай инсандар элдин эсинде,чыгармалары элдин журогундо сакталып кала берет.Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.Жараткан АЛЛА бейишти насип кылсын.
27.05.2014. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окунучту.....
27.05.2014. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаман болуптyр.
Жаткан жери жайлуy болсyн!
27.05.2014. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mir1980 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
Suke93, Саламатсызбы!
Тилекке каршы, бере албайбыз.
Модератор admin_portal түзөттү 27.05.2014 09:59
27.05.2014. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурак ата кыргыздын эн атактуу инсаны. Нурак ата журогубуздо туболук жашайт!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: