super.kg logo
  Саясат  

Украинанын президенти болуп Пётр Порошенко шайланды, шайлоонун 2-туру болбойт

 

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Михаил Охендовский президенттик шайлоонун 2-турун өткөрүүгө зарылдык жок экенин билдирди. Добуштарды эсептөөнүн 88 пайыздык жыйынтыгы боюнча БШК бизнесмен Пётр Порошенкону өлкөнүн мыйзамдуу президенти болуп шайланганын моюнга алды. Муну чет элдик ММКлар жарыялашты. "Эмитен эле маанилүү жыйынтык чыгарууга болот, шайлоонун экинчи турун дайындоого зарылчылык жок. 2014-жылдын 25-майында Украинада жаңы президент шайланды. Зарыл болгон бардык юридикалык процедуралар аяктагандан кийин Пётр Порошенко президенттик кызматына киришет",- деп билдирди Охендовский. 

Акыркы маалыматтар боюнча Порошенко шайлоочулардын 54,22 пайызынын добушун, талапкер Юлия Тимошенко 13 пайызынын добушун алды. 

Пётр Алексеевич Порошенко – украиналык коомдук жана саясий ишмер, жеке ишкер, миллиардер. Украина Радасынын 7-чакырылышынын элдик депутаты, фракциясыз.

Ал 1965-жылдын 26-сентябрында Украинанын Одесса облусунун Болград шаарында туулган.

1989-жылы Киев мамлекеттик университетиндеги эл аралык мамилелер жана эл аралык укук факультетинин эл аралык экономист адистиги боюнча аяктаган.

1990-1991-жылдары “Республика” аттуу чакан мекемелердин жана жеке ишкерлердин биримдигинин башчысынын орун басары.

1991-1993-жылдары “Украина биржалык үйү" ишканасынын башчысы.

1993-1998-жылдары “Укрпроминвест” украиналык өнөр-инвестициялык концернинин башчысы, “Ленин кузнясы” ишканасынын президенти, “Мрия” банкынын кеңешинин жетекчиси, "Винницк" кондитердик фабрикасынын Байкоочу кеңешинин жетекчиси. 

1998-жылы Жогорку Раданын депутаты. Партиясыз эл өкүлү Украинанын социал-демократиялык фракциясына кирген.

2000-жылы аталган фракциядан чыгып, “Солидарность” партиясын жетектеп баштаган.

2001-жылы оппозицияга өтүп, Ющенкону колдоп баштаган. "Аймактар" партиясынын негиздөөчүсү катары белгилүү. 

2002-жылы "Биздин Украина" партиясына мүчө болуп кирген.

2005-жылы Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешин жетектеп, коррупциялык иштерге байланыштуу кызматтан алынган. 

2006-жылы Жогорку Радада Каржы жана банк ишмердүүлүгү боюнча комитетти башкарган. 

2007-2012-жылдары Украинанын Улуттук банкынын төрагасы болуп эмгектенген. 

2012-жылы Украинанын экономикасын жана соодасын өнүктүрүү министри болуп дайындалган. 

Үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын атасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: