super.kg logo

Бүгүн Бишкекте “Аалы Токомбаевдин “Токтогул” романы – улуулардын мурасы” аттуу көргөзмөнүн бет ачар аземи болот

 

Бүгүн, 27-майда Бишкектеги КРнын Улуттук китепканасында “Аалы Токомбаевдин “Токтогул” романы – улуулардын мурасы” аттуу көргөзмө жана “Токтогул” китебинин бет ачар аземи өткөрүлөт.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери, акындар, жазуучулар, массалык маалымат каражаттары, жогорку окуу жайдын студенттери катышат.

Белгилей кетсек, Аалы Токомбаев Кемин районундагы Кайыңды айылында 1904-жылы туулган. 1922-жылы Ташкенттеги советтик партиялык мектепке кабыл алынат. 1923-1927-жылдары В.И.Ленин атындагы Орто Азия коммунисттик университетинде (САКУ) окуган. 

Ал ишмердик жолунда «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редактору, Москвадагы Борбордук басмада кыргыз секторунун редактору, "Кыргызмамбастын" башкы редактору, Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын төрагасы, «Советтик Кыргызстан» журналынын башкы редактору, СССР Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалынын Тил, адабият жана тарых институтунун директору, «Чалкан» сатиралык журналынын башкы редактору болуп иштеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: