Бишкекте 29-майда Куралдуу күчтөрдүн 22 жылдыгына арналган иш-чара өтөт
Бишкекте бүгүн, 29-майда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнүн 22 жылдыгына арналган иш-чара өтөт. Муну аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт жана президенттик аппараттын өкүлдөрү, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, аскер кызматкерлери жана башкалар катышат. Кызматтагы мыкты жетишкендиктери үчүн айрым кызматкерлерге сыйлыктар берилери айтылды. Катышуучуларга кыргыз армиясы тууралуу тасма көрсөтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

