Алмазбек Атамбаев "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" мыйзамына кол койду
Алмазбек Атамбаев "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу 27-майда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган документ КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган. Мыйзам резерв тармагын түзүү, толуктоо, сактоо, колдонуу, алмаштыруу жагын жөнгө салат. Өлкө башчы кол койгон мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ал эми 1999-жылдын 16-июлундагы №75-мамлекеттик материалдык резерв жөнүндөгү мыйзам күчүн жоготту деп табылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

