super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик кадр жана салык кызматтары кыргыз тили боюнча мыйзамдарды аткарбай жатыптыр

 

Кыргызстанда Мамлекеттик кадр, салык жана бажы кызматтарында бир катар мыйзам бузуулар болгон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы күрөшүү жана ЖКнын регламенти жана депутаттык этика комитеттеринин 26-майдагы биргелешкен жыйынында белгилүү болду. 

Мамлекеттик кадр кызматынын ишмердүүлүгүн текшерүүдө түзүлгөн жумушчу топ тарабынан бош кызмат орундарга сынак өткөрүүдө жана аттестациялоодо мыйзам бузуулар болгону аныкталган. Ошондой эле кадр кызматында иш кагаздарынын көпчүлүгү расмий тилде жүргүзүлүп, "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам ишке ашпай жатканы айтылды. Бул тууралуу аталган органдын ишмердүүлүгүн текшерүү учурунда белгилүү болгонун жумушчу топтун жетекчиси, депутат Гүласал Садырбаева билдирди. Мамлекеттик салык кызматында да "Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам тиешелүү деңгээлде аткарылбай жатканы айтылды.

Айта кетсек, жыйында Мамлекеттик кадр кызматында жана анын аймактык өкүлчүлүктөрүндө, Мамлекеттик салык жана Мамлекеттик бажы кызматтарында “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” жана “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамдардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: