Мамлекеттик салык кызматы: 26-майга карата 300 миңден ашуун салык төлөөчүлөр бирдиктүү салык декларациясын тапшырышты
Мамлекеттик салык кызматы 26-майга карата салык төлөөчүлөр бирдиктүү салык декларациясын тапшырганы тууралуу маалымат таратты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Ага ылайык, милдеттүү түрдө 451,5 миң салык төлөөчү бирдиктүү декларациясын тапшырышы керек болсо, анын 339,3 миңи тапшырган. Алардын 225,1 миңи жарандар болсо, 35,8 миңи уюмдар жана 78,4 миңи жеке ишкерлер. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы 27-майда билдирди.
Эске салсак, 2013-жыл боюнча бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу 2014-жылдын 1-июлуна чейин узартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

