Чүй облусунда жол кырсыгынан бир адам каза болуп, 6 жашар бала ооруканага жеткирилди
Чүйдө адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы иликтенүүдө. Мындай маалыматты бүгүн, 27-майда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, Аламүдүн районундагы айланып өтүүчү жолдон ВАЗ-2107 жана Мерседес-Бенц унаалары кагылышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган унаалар жолдун бир тарабында келе жаткан маалда ВАЗ-2107 унаасы оң тарапка бурулган, бул учурда Мерседес-Бенц катуу ылдамдыкта келип сүзгөн. Унаалардын кагылышуусунан ВАЗ-2107 унаасында жүргүнчү болуп бара жаткан 1974-жылы туулган айым окуя болгон жерде каза таап, анын 6 жаштагы баласы ооруканага жеткирилген.
Бул жол кырсыгы учурда иликтенүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.