Бишкекте жыл башынан бери санитардык-эпидемиологиялык абал боюнча 413 рейд жүрдү
Бишкекте 2014-жылдын башынан бери санитардык-эпидемиологиялык абал боюнча 413 рейд жүрдү. Муну 26-майда Бишкек мэриясынын аппараттык жыйынында Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча борбордун жетекчисинин орун басары Курманбек Өмүралиев билдирди. Айтымында, жай мезгилинде тамактан уулануунун алдын алуу зарыл. "Учурда 6000 жеке жана юридикалык объект тыкыр көзөмөлдө. Алардын 20сы азык-түлүк базарлары. Борбор тарабынан дайыма рейд жүрүп турат. Быйыл 413 рейд жүрүп, 1357 протокол түзүлдү. Былтыркы жылдын бул мезгилинде 215 рейд жүргөн",- деп билдирди Өмүралиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

