Декларация: Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров 2013-жылы 1 миллион 350 692 сом киреше тааптыр

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаровдун 2009-жылы чыгарылган Тойота Лэнд Крузэр үлгүсүндөгү унаасы жана 400 чарчы метр аянтты ээлеген бир үйү бар. Маалымат депутаттын 2013-жылдагы кирешелери боюнча тапшырган декларациясынан алынды. Зулпукаров 2013-жылы жалпы 750 692 сом маяна алган. Кошумча кирешеси - 600 миң сом. Ошондо депутаттын былтыр тапкан жалпы кирешеси - 1 миллион 350 692 сом. Ал эми эл өкүлүнүн жакындары 2008-жылы чыгарылган Хонда CRV унаасына ээлик кылышат. Алардын мүлкү тууралуу маалымат берилген жок.
Автор: Автандил Добулбеков
Депутаттын 2012-жыл үчүн тапшырган декларациясы бул жакта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

