super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Иманалиев: “Токтогул Сатылганов – элдик оозеки адабияттын эң таасын өкүлү"

 

Бүгүн, 27-майда Бишкектеги Улуттук китепканада Кыргыз Эл акыны Аалы Токомбаевдин “Токтогул” романы – улуулардын мурасы" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана “Токтогул” романынын бет ачары болду.

Иш-чарага КРнын Жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев улуу акын Токтогул менен Аалы Токомбаевдин небере-чөбөрөлөрү катышканын ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

“Республика боюнча акыркы 3 айда 3 китеп жарык көрүп, маданият, китеп, адабият тармагы жанданып келе жатат” деген Каныбек Иманалиев улуулук тоо менен өлчөнө турган болсо, Токтогул менен Токомбаев эки залкар тоо экенин белгиледи. Токтогул Сатылганов – элдик оозеки адабияттын эң таасын өкүлү болсо, Аалы Токомбаев – профессионалдык адабияттын эң таасын өкүлү”,- дейт депутат. 

Өз маалында улуу акын Токтогулдун өмүрү жана чыгармачылыгына белгилүү жазуучулар кийлигишип, “Токтогул” романын жазып бүтпөй калганы, кечээ жакында Аалы Токомбаевдин небересинен кол жазмаларды топтоп, чаң баскан барактарга жан берилгени айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: