Ош облустук ички иштер башкармалыгы "митингге чыгышкан Ахматбек Келдибековдун тарапташтары жол тосушкан жок" дейт
"Бүгүн, 27-майда Алай районунун Сопу-Коргон айылында депутат Ахматбек Келдибековду жактап митингге чыккандар Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосушту" деген маалымат жалган. Муну Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. “Митингге чыккандар эч кандай жол тосушкан жок”,- деп билдирди мекеменин маалымат кызматынан.
Митингчилер бийлик өкүлдөрүнөн Сопу-Коргон айылына келип, элдин талаптарын угууну талап кылып турушат.
Белгилей кетсек, 26-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Ахматбек Келдибековду камакта кармоо мөөнөтүн 27-июнга чейин узарткан эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
2

