Назарали Арипов алдыдагы шайлоолордун таза өтүшү өлкөдөгү туруктуулукту сактай турганын айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Назарали Арипов бүгүн, 27-майда АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин саясий-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Жеймс Морристи кабыл алды. ЖКдан билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстанда демократияны өнүктүрүү, өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча пикир алышты.
Арипов парламенттик шайлоолорго карата даярдык жүрүшүндөгү шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн негизги учурларына токтолуп, алдыдагы шайлоолор калыс жана ачык-айкын өтүшү керектигин белгиледи. Анткени шайлоолордун таза өтүшү өлкөдөгү туруктуулуктун жөлөгү экенин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

