super.kg logo
  Саясат  

"Эстакадалык көпүрөнү бүтүрүү үчүн каккылабаган эшигим калбады" дейт Оштун мэри

 

Бүгүн, 27-майда Ош шаарындагы Самидин Алымкулов атындагы орто мектепте шаар мэри Айтмамат Кадырбаев Озгур айылынын тургундары менен жолугушту. Тургундар айылдагы курулушу башталып, бирок бүтпөй калган мектепти бүткөрүп берүүнү суранышты. Ичүүчү суу көйгөйлөрү да айтылды.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев мектептин курулуп бүтүшүн жеке көзөмөлүнө аларын билдирди. 
Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча: "Көпүрөнүн курулушун алдыга жылдыруу үчүн каккылабаган эшигим калбады. Бүтүрүүгө аракет кылам",- деди Кадырбаев. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: