super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет Көк-Талаа – Пүлгөн жолунун курулушун бүтүрүүгө кошумча акча бөлүү демилгесин колдоду

 

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин 27-майдагы жыйынында КРнын Өкмөтү менен Европа биримдигинин ортосундагы "Айыл инфраструктурасын жана социалдык интеграцияны өнүктүрүү" долбоорун каржылоо жөнүндө келишимге толуктоолордун долбоору каралды.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлү Максатбек Дыйкановдун айтымында, аталган келишимге ылайык, Баткендеги Көк-Талаа – Пүлгөн унаа жолунун 14,7 чакырымын оңдоого 8,6 миллион евро гранттык каражат бөлүнгөн. Бирок келишимде жолго асфальт төшөөгө акча каралган эмес. Ошондуктан Кыргызстан калган жумушту аяктап, кошумча 5 миллион евро бөлүүдө.

"Автожолго асфальт төшөөдө (Ош - Баткен - Исфана автожолуна) 1,7 миллион евро үнөмдөлдү. Ошондуктан келишимге ал каражатты Көк-Талаа – Пүлгөн участогундагы жолду бүткөрүүгө жумшоо жана долбоорду 9 айга узартуу тууралуу толуктоолор киргизилип жатат",- дейт Дыйканов.

Жыйынтыгында демилге колдоого ээ болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: