Чүй районундагы 8 айыл өкмөттүн жооптуу катчылары үчүн семинар өткөрүлдү

Мамлекеттик кадр кызматы бүгүн, 27-майда Чүй районундагы жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү үчүн семинар өткөрдү. Муну мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Иш-чара Ак-Бешим айыл өкмөтүндө өтүп, ага 8 айыл өкмөт башчыларынын жооптуу катчылары катышыптыр. “Анда муниципалдык кызматтардагы бош орундар үчүн сынак өткөрүүнүн тартиби боюнча түшүндүрмө берилди. Айыл өкмөттөрүнүн иши боюнча тажрыйба алмашуу болду”,- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

