super.kg logo
  Саясат  

Вице-спикер Асия Сасыкбаева Бишкекте ачкачылык жарыялаган окутуучу Аида Ахмадалиеванын абалы менен таанышты

 

Вице-спикер Асия Сасыкбаева бүгүн, 27-майда Бишкекте Ч.Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайдын эмгек жамааты менен жолугушуп, бир нече күндөн бери ачкачылык кармап жаткан окутуучу Аида Ахмадалиеванын абалын көрдү.

Жолугушууда Ахмадалиева кыргыз балет искусствосунун келечегине кайдыгер карай албай ачкачылык жарыялаганын айтты. Мугалимдер жамааты окуу жайдын жетекчилигинин калыс иштебей, каржылык кирешелерди ачык-айкын жүргүзбөй жатканын айтышты. Вице-спикер билим берүү тармагынын өнүгүү жолуна түшө албай жаткан маалда тиешелүү шарттардын жоктугуна, айлык маянанын аздыгына карабай жаш муундарга тарбия берип жаткан окуу жайдын эмгек жамаатына ыраазычылыгын айтты. Ошондой эле Ахмадалиевадан ачкачылык акциясын токтотууну өтүнүп, түзүлгөн жагымсыз жагдай чечиле тургандыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: