super.kg logo

Жылнаама, 28-май: Мындан 2 жыл мурун казак-кытай чек арасында Владислав Челах 14 чек арачыны жана 1 егерди өлтүрүп, өрттөп жиберген

 
* Мындан 28 жыл мурун, 1986-жылы балбан Руслан Түмөнбаев Чүй өрөөнүнүн Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылында туулган. Кыргызстандын Эмгек сиңирген спорт чебери Руслан Түмөнбаев 2008-жылы Азия чемпиону аталып, 2008-жылы Бээжиндеги Жайкы олимпиадалык оюндарда 3-орунду камсыз кылган.
* Мындан 2 жыл мурун, 2012-жылы Казакстандын Кытай менен чектеш “Арканкерген” чек ара постунда Владислав Челах аттуу чек арачы 14 чек арачыны жана 1 егерди өлтүрүп, өрттөп жиберген. Бир канча күндөн кийин колго түшүрүлгөн Челах өзүнүн кесиптештерин өлтүргөнүн мойнуна алган. Бирок анын туугандары мындай версияга ишенбей турушканын, коркутуп-үркүтүү менен мындай мыкаачылыкты атайын мойнуна илдиришкенин билдиришкен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, 2012-жылы декабрда сот аны өмүр бою эркинен ажыраткан. Ал 2013-жылдын 5-мартынан бери абакта отурат.
* Мындан 106 жыл мурун, 1908-жылы англис жазуучусу, журналист Ян Флеминг Лондондо төрөлгөн. Ал супертыңчы Жеймс Бонд жөнүндөгү романдардын автору катары белгилүү болгон. Айрымдар Ян менен Бонддун ортосунда окшоштуктар бар экенин айтышкан. Ян да акыркы модадагы машинага, сулуу кыздарга, кумар оюндарына кызыккан. Ал канаттуулар тууралуу китеп окуп, ошондогу орнитологдун атынан Жеймс Бонд деген ысымды алган. Бонд тууралуу чыгармалар 20-кылымдын мыкты бестселлерине айланып, 40 миң нуска менен жарык көргөн.
28-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.05.2014. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
егер деген емне
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: