super.kg logo

№4-төрөт үйүндө баласынан айрылган эне: "Дени сак төрөлгөн уулум өз жумушун билбеген медайымдын колунан өлдү"    

 
Уулунан айрылган Нурзада Садырбаева №4-төрөт үйүндөгү өз жумушун билбегендер иштен алынат деп ишенет.
Башкы дарыгер Бурул Алмазбекова да, башкалары да комментарий берүүдөн баш тартууда.
№4-төрөт үйү
Бишкекте 25-май күнү №4-төрөт үйүндө дени сак төрөлгөн ымыркайдын өлүмү катталган. Жүрөгү ачышып, өзөгү өрттөнүп турган ымыркайдын энеси Нурзада Садырбаева көз жашын тыя албай төмөнкүлөрдү айтып өттү.

"УУЛУМ ДЕНИ САК ТӨРӨЛГӨН, МУНУ ДАРЫГЕРЛЕР БИР НЕЧЕ ЖОЛУ АЙТЫШКАН"

"Мен 20-май күнү саат 14:30 чамасында көз жардым. Баламдын салмагы 3,5 килограммды түзүп, аны көргөн дарыгерлер дени сак экенин айтышкан. Төрөт үйүндө 3 күн бою баламдын абалы жакшы эле болчу. Жоош эле, көп деле ыйлачу эмес. Курсагы ток болсо тынч эле жата берчү. 4-күн дегенде уулумдун бетине майда темгилдер чыгып кетти. Аны дарыгерге көрсөтсөм, "супрастин берип кой" деди. Ошентип, дарыгердин дайындоосу менен аталган дарыны бердим. Эртеси биз төрөт үйүнөн чыкмакпыз. Кийим-кечегибизди чогултуп, кетебиз деп даярданып алдык эле. Бирок ал күнү баламдын денеси саргарып кетти. Аны көргөн дарыгер “Мен силерди чыгара албайм, каякка шашып жатасыңар? Биротоло айыгып, анан кеткиле” деди. Мен күйөөмө чалып, чыкпай калганыбызды айтсам, ал ачууланып калды", - дейт Н.Садырбаева.

Ошентип, эне менен уулу төрөт үйүнөн чыгар күнү ымыркайдын денеси саргарып кетти деп патология бөлүмүнө которушкан. Аталган бөлүмдүн башчысы баланын ден соолугу жакшы экендигин жана фотолампага жаткандан кийин өтүп кетерин айткан.

"УКОЛ САЙГАНДЫ БИЛБЕЙТ ЭКЕН" ДЕГЕНДЕ АГА МААНИ БЕРГЕН ЭМЕСМИН"

"Баламды көргөн дарыгер "саргарганы өтүп кетет, ага кабатыр болбо" деп мени тынчтандырып койгон. Балам башына дары тамчылаткыч аркылуу дары алып, андан кийин фотолампага жаткырылып жатты. Жекшемби күнү нөөмөткө Назира аттуу медайым келди. Жанымда жаткан Ширин мага келип, “Бул медайым уколду туура эмес сайып коюптур. Кызыма теринин алдына сайып салыптыр” деп калды. Мен "ал коркунучтуу деле эмес го, тарап кетет" десем, “бул медайым укол сайганды жакшы билбейт экен, мен өзүм медицина жаатында окуйм” деп калды. Бирок мен ага деле көп маани берген эмесин. Байкашымча, башка медайымдардын халаттарында аты-жөнү менен таанытмалары илинип турчу. Ал эми аныкы жок болчу. Жадакалса кол кап да кийбей, башында эч кандай чепчиги жок, гигиеналык эрежелерди сактабай жүргөн. Көп өтпөй менин балама да кезек жетип калды. Мен баламды буга чейин дарыгердин айтуусу боюнча эмизчүмүн. Ал уктап калды". Ал кошумчалагандай, ымыркай уктап калган учурда эне күйөөсү келгенине байланыштуу сыртка чыгып, аны менен 20 мүнөткө жакын сүйлөшүп турат. Нурзада палатасына келе жатканда медайым аны коридордо күтүп турган экен. 

 

"КАРА КӨК БОЛУП КАЛГАН БАЛАМА МЕДАЙЫМ ЭЧ КАНДАЙ ЖАРДАМ КӨРСӨТӨ АЛГАН ЖОК"

"Ага чейин мен айткан нерселерге медайым ачууланып “азыр урушуп кетебиз, керек болсо азыр сыртка чыгарып коём” деп жаткан. Палатага кирип уктап жаткан уулума дары тамчылаткыч коюп баштады. Бирок ал алгачкы 3 аракетинде тең ийнени киргизе алган жок. "Эгер сиз сая албасаңыз, башка дарыгерди чакырыңыз" дедим. Ал айтканыма көнбөй, 4-жолку аракетинде баланын баш сөөгүнө сайганда уулум чаңырып ыйлай баштады. Ал такыр сооронбой жатты, түшүнбөй турган мага "балаңды соорот" деди. Бала ыйлап жатканына карабай медайым сыртка жөнөдү. "Баламды карап бериңиз, эмне болуп жатат?" деп кайрылганымда, "бөтөлкө менен суюктук бер” деди. Мен балага эмчек сүтүн эмизеримди айттым. Медайым баланын оозуна глюкоза тамчылатсам сооронорун айтты. Мен глюкозаны тамыза электе эле баламдын тулкусу толугу менен көгөрө баштады. Анын өңү кара көк тартып, дем албай калды. Мен титиреп, кыйкырынып, эмне кыларымды билбей калдым. Медайым эч кандай жардам көрсөтө алган жок. Анын шалаакылыгынан уулумдан айрылганыма ичим ачышат".    

Уулун жоготкон эненин айтымына караганда, ал коридорго чыгып кыйкырып дарыгер издегенге мажбур болгон. Бирок эч кимди тапкан эмес. 5 бөлүм боюнча ал күнү бир гана жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери жана медайым болгон.  

"ДАРЫГЕРЛЕР ИШЕНИЧТЕН КЕТИШТИ. ОШОЛ СЕБЕПТҮҮ УУЛУМДУ СОТТУК-МЕДИЦИНАЛЫК ЭКСПЕРТИЗАГА БЕРГЕН ЖОКПУЗ"

"Арадан 15-20 мүнөт өтүп кетти. Баламды көргөнү келген дарыгерлер убакытты чоюп жатышты. Мен уулумдун жанынан кете албай турдум. Дарыгерлерге "карап көргүлөчү" деп жалдырап жаттым. Бирок балам кара көк тарта баштаган маалда эле каза болгон болуш керек. Жаныма келген бөлүм башчы мени кучактап “кечирип кой” деп ыйлап жиберди. Ал “мага ымыркай чарчап калды деп чалганда сенин балаң деп ойлобопмун, себеби абалы начар ымыркайлар бар болчу” деди.

Уулумду соттук-медициналык экспертизага бергиле дешти. Биз андан баш тарттык, себеби, биринчиден, дарыгерлерге ишенбей калдык. Бергенде деле анын жыйынтыгы адилеттүү чыгат дегенден алыспыз. Ал жакта деле дарыгерлердин тааныш-билиштери бар да. Дени сак төрөлгөн балабыздын жансыз денесин антип бузганда эмне?"    

"КЕЧИРИМ СУРАГАНДАРЫНЫН КЕРЕГИ ЖОК, АЛ МАГА УУЛУМДУ КАЙТАРЫП БЕРБЕЙТ!"

"Мындай болорун билсем алып келбейт болчумун. Дарыгерлерге ишенип, баламды биротоло айыктырам деп андан айрылып отурам. Килейген 5 бөлүмдү бир дарыгер менен медайым кантип тейлемек эле? Баарына жетишем деп шашкалактап эмнени кыйратмак эле? Андай жаңы төрөлгөн ымыркайлар менен татыктуу адистер иштеш керек. Кечээ, 26-майда төрөт үйүнүн бөлүм башчылары, акушер жана дарыгерлери үйгө кечирим сурап келишти. Ал эми келбеген медайым шок болуп калганын айтып, жалган шылтоолорду айтышты. Мага алардын кечирим сураганынын кереги жок. Ал баламды тирилтип бербейт. Мен болгону ал төрөт үйүндөгү өз ишин билбегендердин баары жумуштан кетсе дейм. Бир да эне мендей болуп көз жаш төгүп, баласынан айрылбаса деп гана тилейм. Биз ал медайымды соттотсок да жарашчудай. Менимче, ар бир адис өз жумушун так билиши зарыл. Ошондой болгондо гана мындай кайгылуу окуялардын саны төмөндөйт".    

 

ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН ЖЕТЕКЧИЛИГИ КОММЕНТАРИЙДЕН БАШ ТАРТТЫ 

Тилекке каршы, экинчи тараптын оюн билүү үчүн барганыбызда №4-төрөт үйүнүн башкы дарыгери комментарий берүүгө макул болгон жок. Башкы дарыгер Алмазбекова Бурул иш бөлмөсүнөн чыккан жок. Бир топ убакыт кетпей күтүп турганыбызда, катчысы аркылуу эч кандай маалымат бере албасын айттырды. Жадакалса төрөт үйүнө бүгүн келип кеткен комиссия текшерүү иштеринин жыйынтыгын да айтуудан баш тартты. 





"Баламдын өлүмүнө медайым күнөөлүү"

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(57)
28.05.2014. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ишин билбегендер,канчалаган энелерди сыздатып атканын билер бекен.Жаман соз айткым келет,туура келбей калат экен бул жерге.Кудайым коруп турат,жазасын берсин.
SUPER.KG видео
28.05.2014. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен баягыда, ымыркай уурдашканда, бироонун ымыркайын чарчап калды деп, алмаштырып койгондо эле, бул торот уйун воообще эле жабып салыш керек деп айткам. Дайым чыр ошол торот уйдо. Менин аяшымдын дагы кызын акушеркалардын шалаакылыгын айынан олтуруп алышкан, торотуп жатып. Анда дагы главврач, кийин торосон озум торотом деп кечирим сурап койгон.
SUPER.KG видео
28.05.2014. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ух эч нерсе дей албайм байкушум 9 ай которуп кыйын болуптур
28.05.2014. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын
SUPER.KG видео
28.05.2014. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ujas, Nazira degen medsestrany turmogo oturguzush kerek, al adamdyn omurun kyidy...
SUPER.KG видео
28.05.2014. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
журогум ооруп кетти ушуну коргондо. туура кечиргенде баласын кайра кайтарып бералышпайт.куноолу адам оз жазасын алыш керек
SUPER.KG видео
28.05.2014. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Еже сабырду болун а шалакы мед айымдардын жазасын бериш керек
SUPER.KG видео
29.05.2014. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш ушунчалык токтоо адам экен . Коз алдында чарчап калган , ээх жаман болуптур :(
SUPER.KG видео
29.05.2014. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабыр кылын эже
SUPER.KG видео
29.05.2014. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым кичинекей наристелерге ден соолук берсин омурлору узун болсун
SUPER.KG видео
29.05.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай окунучтуу. Ошол сабатсыз медайым убагында окууну пара менен эле бутуруп, анан таанышы аркылуу жумушка орношсо керек да. Эгер билимдуу болуп жок дегенде укол сайганды билсе мындай окуя катталбайт болчу. Албетте кечирим сураганда не эгер баласын тирилтип бере алышпаса.
29.05.2014. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу врачтар тажатты менин 30 сааттан бери суум кетип жатат бирок толгоо жок 2чи роддомдо жатам вызывающее сайып тороткуло десем 48 саат кутобуз деп болушпайт же акча сурап сайбай жатканын тушунбойсун узиге барсам суун азайып кеткен торошун керек дейт эмне кылышты билбей жатам врачтарга ишениш да кыйын болуп калды Бир кудай озу жардам берсе экен
SUPER.KG видео
29.05.2014. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ужас элестетип ыйлагым келип кетти. коз алдында балан чарчп калган.Кудайга мин мертебе шугур москвада торогонумо.Ушул роддомду жаап эле салатурган болуп калды минздрав каякты арап олтурат.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул торот уйундо таптакыр эле башы жок врачтар мед айымдар эмгектенишет. Дайыма ушул торот уйундо ызы чуу. Бул торот уйун жаап эле салышса болмок.Коптогон энелерди какшатыштыго((( Ушулардын айынан Бишкекте торогондон коркуп Россияга келип тороп атабыз(((
SUPER.KG видео
29.05.2014. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай жаман окуялар 4- ооруканада коп болот Министрди жазалап иштен ала турган убакыт келдиго.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйлап жибердим. Аллахым ар бир энени баладан айырбасынчы. Оз коз алдында баласын жоготуу ото ото оор болсо керек эхх.
SUPER.KG видео
29.05.2014. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баланы которуп журуу кандай кыйын ошол кыйынчылыктан коркуп торобой журом эгер куч топтоп туруп эгер торосом ушундай болуп калса ошол мээси жок мед айымды турмодо чиритет элем акча м-н окууну бутургондор
SUPER.KG видео
29.05.2014. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээхх(( Адамдар каяка карап кетип жатышат Аллаахым ынсап берсин баарыбызга
SUPER.KG видео
29.05.2014. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол жердеги дарыгерлер эмне учун айлык алып басып журушот болду экен
SUPER.KG видео
30.05.2014. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushul torot uiun jaap ele salyshpaiby, ayabai yzy chuusu kop, adamdyn tagdyrynan korkpogon riminaldar ishtechudoi ele sezile beret, emne kana bolbodu bul jerde
SUPER.KG видео
31.05.2014. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркы тажрызбасыз мед айымдардын кесепетинен коптогон адамдардын омуруно коркунуч келип жатат, коргонубуздой кээ бир адамдар шалаакы кызматкерлердин айынан олуп жатат..а эмне учун биз омурубузду шалаакыларга ишенип аманат кыла алабыз?
SUPER.KG видео
31.05.2014. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2010ж мартта угроза бп жатып калдым, эки жумада айыкпай анан врач айтты кучтуу капельница жазайын бирок ал 3 саатта бутот жаай тамчылатылат деди макул болосун да балан учун. 21 март куну жанагы бир медсестра эрте бутсун деп тез-тез тамчылатып койуп кетип калыптыр концертке, мен которо албай калчылдап титиреп баштадым кызарып кыздар колдоруман буттарыман кармашып врач издеп журушот бир караан жок элестеткиле же эч кимиси сууруй алышпайт анан бир врач отуп баратыптыр эже капельницаны сууруп
SUPER.KG видео
31.05.2014. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койунузчу десе мен шашып атам деп кетип калса болобу, 5 минуттан кийин бир эркек врач кетип атыптыр байке капельницаны сууруп койунузчу деп баардыгы айтышты ал жини келип ушуга эле эмне деп сууруп кетип калды, жини мн катуу тартты эле кан токтобойт же мени карап дагы койгон жок кетип калган
SUPER.KG видео
31.05.2014. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр жалан гана сабатсыз медиктер пайда болбодубу,медицинаны мыкты окушпаса жыйынтыгы ушундай болот го... Анан да айта кетчу нерсе торолгондо эле прививка албагылачы, балким прививканын таасиридир бобоктун бетине чыккан кызыл нерселер.Негизи Япония,АКШ,Европадагы 20га жакын олко,Россия прививкадан отказ кылышты.Жок дегенде бала 3ко чыккычакты албагыла деген ондуу ыйзамдары.
SUPER.KG видео
31.05.2014. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарык дуйного келип торт кун жашап кеткени эмнеси байкуш наристе.Медайымдардын жумуштан четтетилгени жакшы чарчап калышкан окшойтда иштегилери келбей,адамдын омуру буларды кызыктырбаса керекда.Мыкаачы медайымдар!
SUPER.KG видео
02.06.2014. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОЗУ кыргыз эли ото кайдигер экенбиз. Озумдун кайдигерлигимде гап жок)
Окунучтуу, албетте.
Тан калыштуусу Наргизанын через чур шалаакылыгы.
Мен укол алыш керек болуп, чогуу жашаган бир келиндин медсестрамын дегенинен, жакшы болбодубу, акча коротуп, убакыт тарда, жолго да каражат жумшап отурбай...деп суйунуп, андан укол алмак болдум. Мындай кызыкты корбогом. Шалаакылыгында эми соз жок, спирттин баарын тогуп, пластырды обу жок коротуп, ватаны улам узгулой берип, жаткан жерим жайна
SUPER.KG видео
02.06.2014. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аз келгенсип, торсоюп чыгып турган тамырга тушо албай, колдорумду когортуп салса, озум да кызык экем ( минтерин кайдан билдим), ундобой эки-уч жолу сайдырыпмын. "Эч нерсе болбойт, эже, эртен эле жакшы болуп калат",-десе, ишенесин да билбеген киши. Туз эле ойдо, сабак болсун на будущий деп: " озу ото шалаакы экенсин..."- десем, катуу тийди корунот))), капа болуп, тилди кое берди эле, анысы бир узун. "Жакшылык кылсан, жакпайсын да, анан тиги, анан бу!..." Озум бушайман жедим кайра))).
SUPER.KG видео
02.06.2014. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окууга пара менен отуп, пара менен бутуруп алып, элдин убалында калышса, кимге пайда, кимге зыян? Акылына береке!..
SUPER.KG видео
02.06.2014. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башына сайта берип олтуруп коюптур да жаман жиним келип атат неге андай мая албайт экенсин сайбай эле койбойсунбу озун деле ападырсын?апасына ббоорум ай...
SUPER.KG видео
02.06.2014. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан ОЗУ жазаласын назираны сизге сабыр берсин
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: