super.kg logo

№4-төрөт үйүндө баласынан айрылган эне: "Дени сак төрөлгөн уулум өз жумушун билбеген медайымдын колунан өлдү"    

 
Уулунан айрылган Нурзада Садырбаева №4-төрөт үйүндөгү өз жумушун билбегендер иштен алынат деп ишенет.
Башкы дарыгер Бурул Алмазбекова да, башкалары да комментарий берүүдөн баш тартууда.
№4-төрөт үйү
Бишкекте 25-май күнү №4-төрөт үйүндө дени сак төрөлгөн ымыркайдын өлүмү катталган. Жүрөгү ачышып, өзөгү өрттөнүп турган ымыркайдын энеси Нурзада Садырбаева көз жашын тыя албай төмөнкүлөрдү айтып өттү.

"УУЛУМ ДЕНИ САК ТӨРӨЛГӨН, МУНУ ДАРЫГЕРЛЕР БИР НЕЧЕ ЖОЛУ АЙТЫШКАН"

"Мен 20-май күнү саат 14:30 чамасында көз жардым. Баламдын салмагы 3,5 килограммды түзүп, аны көргөн дарыгерлер дени сак экенин айтышкан. Төрөт үйүндө 3 күн бою баламдын абалы жакшы эле болчу. Жоош эле, көп деле ыйлачу эмес. Курсагы ток болсо тынч эле жата берчү. 4-күн дегенде уулумдун бетине майда темгилдер чыгып кетти. Аны дарыгерге көрсөтсөм, "супрастин берип кой" деди. Ошентип, дарыгердин дайындоосу менен аталган дарыны бердим. Эртеси биз төрөт үйүнөн чыкмакпыз. Кийим-кечегибизди чогултуп, кетебиз деп даярданып алдык эле. Бирок ал күнү баламдын денеси саргарып кетти. Аны көргөн дарыгер “Мен силерди чыгара албайм, каякка шашып жатасыңар? Биротоло айыгып, анан кеткиле” деди. Мен күйөөмө чалып, чыкпай калганыбызды айтсам, ал ачууланып калды", - дейт Н.Садырбаева.

Ошентип, эне менен уулу төрөт үйүнөн чыгар күнү ымыркайдын денеси саргарып кетти деп патология бөлүмүнө которушкан. Аталган бөлүмдүн башчысы баланын ден соолугу жакшы экендигин жана фотолампага жаткандан кийин өтүп кетерин айткан.

"УКОЛ САЙГАНДЫ БИЛБЕЙТ ЭКЕН" ДЕГЕНДЕ АГА МААНИ БЕРГЕН ЭМЕСМИН"

"Баламды көргөн дарыгер "саргарганы өтүп кетет, ага кабатыр болбо" деп мени тынчтандырып койгон. Балам башына дары тамчылаткыч аркылуу дары алып, андан кийин фотолампага жаткырылып жатты. Жекшемби күнү нөөмөткө Назира аттуу медайым келди. Жанымда жаткан Ширин мага келип, “Бул медайым уколду туура эмес сайып коюптур. Кызыма теринин алдына сайып салыптыр” деп калды. Мен "ал коркунучтуу деле эмес го, тарап кетет" десем, “бул медайым укол сайганды жакшы билбейт экен, мен өзүм медицина жаатында окуйм” деп калды. Бирок мен ага деле көп маани берген эмесин. Байкашымча, башка медайымдардын халаттарында аты-жөнү менен таанытмалары илинип турчу. Ал эми аныкы жок болчу. Жадакалса кол кап да кийбей, башында эч кандай чепчиги жок, гигиеналык эрежелерди сактабай жүргөн. Көп өтпөй менин балама да кезек жетип калды. Мен баламды буга чейин дарыгердин айтуусу боюнча эмизчүмүн. Ал уктап калды". Ал кошумчалагандай, ымыркай уктап калган учурда эне күйөөсү келгенине байланыштуу сыртка чыгып, аны менен 20 мүнөткө жакын сүйлөшүп турат. Нурзада палатасына келе жатканда медайым аны коридордо күтүп турган экен. 

 

"КАРА КӨК БОЛУП КАЛГАН БАЛАМА МЕДАЙЫМ ЭЧ КАНДАЙ ЖАРДАМ КӨРСӨТӨ АЛГАН ЖОК"

"Ага чейин мен айткан нерселерге медайым ачууланып “азыр урушуп кетебиз, керек болсо азыр сыртка чыгарып коём” деп жаткан. Палатага кирип уктап жаткан уулума дары тамчылаткыч коюп баштады. Бирок ал алгачкы 3 аракетинде тең ийнени киргизе алган жок. "Эгер сиз сая албасаңыз, башка дарыгерди чакырыңыз" дедим. Ал айтканыма көнбөй, 4-жолку аракетинде баланын баш сөөгүнө сайганда уулум чаңырып ыйлай баштады. Ал такыр сооронбой жатты, түшүнбөй турган мага "балаңды соорот" деди. Бала ыйлап жатканына карабай медайым сыртка жөнөдү. "Баламды карап бериңиз, эмне болуп жатат?" деп кайрылганымда, "бөтөлкө менен суюктук бер” деди. Мен балага эмчек сүтүн эмизеримди айттым. Медайым баланын оозуна глюкоза тамчылатсам сооронорун айтты. Мен глюкозаны тамыза электе эле баламдын тулкусу толугу менен көгөрө баштады. Анын өңү кара көк тартып, дем албай калды. Мен титиреп, кыйкырынып, эмне кыларымды билбей калдым. Медайым эч кандай жардам көрсөтө алган жок. Анын шалаакылыгынан уулумдан айрылганыма ичим ачышат".    

Уулун жоготкон эненин айтымына караганда, ал коридорго чыгып кыйкырып дарыгер издегенге мажбур болгон. Бирок эч кимди тапкан эмес. 5 бөлүм боюнча ал күнү бир гана жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери жана медайым болгон.  

"ДАРЫГЕРЛЕР ИШЕНИЧТЕН КЕТИШТИ. ОШОЛ СЕБЕПТҮҮ УУЛУМДУ СОТТУК-МЕДИЦИНАЛЫК ЭКСПЕРТИЗАГА БЕРГЕН ЖОКПУЗ"

"Арадан 15-20 мүнөт өтүп кетти. Баламды көргөнү келген дарыгерлер убакытты чоюп жатышты. Мен уулумдун жанынан кете албай турдум. Дарыгерлерге "карап көргүлөчү" деп жалдырап жаттым. Бирок балам кара көк тарта баштаган маалда эле каза болгон болуш керек. Жаныма келген бөлүм башчы мени кучактап “кечирип кой” деп ыйлап жиберди. Ал “мага ымыркай чарчап калды деп чалганда сенин балаң деп ойлобопмун, себеби абалы начар ымыркайлар бар болчу” деди.

Уулумду соттук-медициналык экспертизага бергиле дешти. Биз андан баш тарттык, себеби, биринчиден, дарыгерлерге ишенбей калдык. Бергенде деле анын жыйынтыгы адилеттүү чыгат дегенден алыспыз. Ал жакта деле дарыгерлердин тааныш-билиштери бар да. Дени сак төрөлгөн балабыздын жансыз денесин антип бузганда эмне?"    

"КЕЧИРИМ СУРАГАНДАРЫНЫН КЕРЕГИ ЖОК, АЛ МАГА УУЛУМДУ КАЙТАРЫП БЕРБЕЙТ!"

"Мындай болорун билсем алып келбейт болчумун. Дарыгерлерге ишенип, баламды биротоло айыктырам деп андан айрылып отурам. Килейген 5 бөлүмдү бир дарыгер менен медайым кантип тейлемек эле? Баарына жетишем деп шашкалактап эмнени кыйратмак эле? Андай жаңы төрөлгөн ымыркайлар менен татыктуу адистер иштеш керек. Кечээ, 26-майда төрөт үйүнүн бөлүм башчылары, акушер жана дарыгерлери үйгө кечирим сурап келишти. Ал эми келбеген медайым шок болуп калганын айтып, жалган шылтоолорду айтышты. Мага алардын кечирим сураганынын кереги жок. Ал баламды тирилтип бербейт. Мен болгону ал төрөт үйүндөгү өз ишин билбегендердин баары жумуштан кетсе дейм. Бир да эне мендей болуп көз жаш төгүп, баласынан айрылбаса деп гана тилейм. Биз ал медайымды соттотсок да жарашчудай. Менимче, ар бир адис өз жумушун так билиши зарыл. Ошондой болгондо гана мындай кайгылуу окуялардын саны төмөндөйт".    

 

ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН ЖЕТЕКЧИЛИГИ КОММЕНТАРИЙДЕН БАШ ТАРТТЫ 

Тилекке каршы, экинчи тараптын оюн билүү үчүн барганыбызда №4-төрөт үйүнүн башкы дарыгери комментарий берүүгө макул болгон жок. Башкы дарыгер Алмазбекова Бурул иш бөлмөсүнөн чыккан жок. Бир топ убакыт кетпей күтүп турганыбызда, катчысы аркылуу эч кандай маалымат бере албасын айттырды. Жадакалса төрөт үйүнө бүгүн келип кеткен комиссия текшерүү иштеринин жыйынтыгын да айтуудан баш тартты. 





"Баламдын өлүмүнө медайым күнөөлүү"

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(57)
27.05.2014. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргызстандын врачтарына кымындай да ишенбейм, ошол баланын убалы кимге? Шалаакы, өз ишин билбегендерди жумушка алышат, в итоге ушундай болуп жатат.
28.05.2014. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saltanat., алганда да акча бергендерди алат жумушка менин таанышыма медайым болуп 400доллар берсен киресин жумушка деп айтышты
Анан эмнени кыйратмак
28.05.2014. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shiko, менин кайнежем акушер врвач,ошко бир роддомго кирейин деди эле 5000дол.сурашыптыр.Ошентип кирбей калды.
27.05.2014. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
баарын сотко берип бир еки врач камалганда онолуп калышат еле врачтар да
27.05.2014. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мунун туп тамыры кадрларды даярдаган окуу жайында болуп жатат.Мектепти эптеп-септеп буткон окуучуларды тааныш аркылуу кабыл ала беришет.Тез арада медициналык окуу жайларын катуу текшеришпесе,мындай окуялар боло берет.Бул аябагандай кайгылуу окуя.Медиктерге уят эле иш болду.
27.05.2014. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Окуп жатып козумо жаш келди эч кайсы эне баласынан ажырабасын. Чындыгында азыр эч ким окубайт акча менен бутушот. Акыр аягы ушундай ишке алып барат.
27.05.2014. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
азыркы мезгилде кудай сактасын кыргыздарда болбой эле калыптырбиринчи акчаны бересин анан ооруну карайт болбосо жок
27.05.2014. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Колумдан келсе бул торот уйун толугу менен жаптыртып ичинде иштеп аткан дарыгерлердин баарын суракка алмакмын.
27.05.2014. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бирдемени билбегенден кийин неге иштейт деймда.жаннным чыгып жатат байкуш эне журогу эзилип жатат го.
27.05.2014. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудай сактасын, кандай гана окунучту. 9 ай журогундун алдында которуп, анан козундун бир ирмеминде эле балан колунан учуп кетсе......
27.05.2014. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
N•4 торот уйу ашмалтайы чыккан , акыркы убакта турдуу окуялар болуп жатат . Аман -эсен торолгон наристени жок кылышты . . .Журогум ыйлап жатат . Баланын куйуту эн жаман :(
28.05.2014. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эми сабыр кылыныз кудай жазаласын андан коро озунуздун ден соолугунузду ойлонуз эми сизди бир гана убакыт дарылайт а тиги медайым озунун жазасын алыш керек канткен кундо да......
28.05.2014. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyrgysztanda doktur m.n milisyaga ishin tushposun kudai saktasyn maldardan
28.05.2014. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызстанда врачтардын билими сапатсыз Врачка барсан оруган жеринди эмес канча акча берет экен деп
28.05.2014. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда врачтардын билими сапатсыз Врачка барсан оруган жеринди эмес канча акча берет экен деп
28.05.2014. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oilonboston sottotturunuz.Kaidygerligi uchun joop bersin!
Baardygyn ishten alsa, mumkun bashka tort uiloru uchun sabak boloor bele...
28.05.2014. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bulardı korgom men torogondo akchası jok kelınderdı potologıya bolumundo korıdorgo jatkızıp koyushkan korup boorum oorugan anan bız uydon pampers alıp kelgende urushkanıchı bız bul jaktan berebız dep kımbat satıshıp chınında ukoldoru shprısterı beker ele eken da bızden kunugo pampersı anan ukolu dep 30 somdon alıshkan da bul okuya Talas shaarının roddomunda bolgon ayabay okungom Talasta torogonumo bızge kıykırıp okurup mamıle kılganıchı svolochı baarınan tunulgom kudayım nurzadaga sabır bersın
28.05.2014. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушу 4-торот уйундо ушундай окуялар аябай коп болот э. Коррупция кучтуу го деп ойлойм бул торот уйундо. Баарына мин ирет наалат, ошол ымыркайдын убалы уктатпасын куноолуулорду!
28.05.2014. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол шалакы шок болбой еле журсо керек.Гезитке чыгарып уятын чыгарыш керек андайды.Анан калганы нормально карап калышат.
28.05.2014. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оюмча 4-торот уйун жаптырып эле салыш керек дейм. мындай окуялар кобойгону кобойуп эле жатат.
28.05.2014. 07:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул торот уйу аябай эле начар коп жылдан бери мындай окуялар да кобойуп кетти энелердин каза болушу бала сатуу деген сыяктуу. Деги мындай иштери качан кандай кылганда токтойт болду экен.
28.05.2014. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адам омуру азыр акча менен чечсе боло турган заманда жашап калдыкпы? ошол врач убагында акча берип окуусун буткон кийин акча берип жумушка кирген болушу керек бул ачуу чындык!!!
28.05.2014. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бул энени карап, озумду коруп аткандайболуп, ыйлап отурам. менин 9 айлык болуп торолгон балам да врачтардын конул коштугунан чарчап калган. алардын куноосун кантип далилдейт элек, биз да балабызды сойдурган эмеспиз. ичим азыркыга чейин орттонот. толгоо башталса да, жаныма 4-5 сааттап жолобой койгон врачтарды кудайга гана коюп, сыздап кала бергем. уяты жоктор, буларга акчаны оозу-мурдуна тыгып турсан гана кишидей мамиле кылат.
28.05.2014. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suke93 - 3 күнгө БАН!
Коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга, кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынып, провокацияга жол берилбейт.
Жана сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир, сунуштар болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
28.05.2014. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин апам да бизге чейинки кызын врачтар карабай коюп, чарчап калганын айткан. Эмне кылаарымды билбей кечке ыйлагам дейт. Ошол кундон коп отпой ошол врач кырсыкка кабылып, каза тапканын айтып калат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: