Декларация: Турсунбай Бакир уулу 2013-жылы 1 миллион сомдон ашык маяна алганын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу 2013-жылы негизги иш ордунан 1 миллион 48 321 сом маяна алган. Муну депутат жылдык кирешеси жана мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында көрсөттү. Бакир уулу “айлыктан башка эч нерсем жок” деген депутаттардын катарына кошулду. Анткени үйү, автоунаасы жана башка мүлкү тууралуу маалымат берген эмес.
Депутаттын жакындарына караштуу 800 чарчы метрлик жер тилкеси бар. Алардын жылдык кирешеси, үй-жайы боюнча маалымат берилбеди.
Депутаттын 2012-жыл үчүн тапшырган декларациясы бул жакта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

