super.kg logo
  Саясат  

"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирди

 
27-майда президент Алмазбек Атамбаев "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган бул мыйзамга ылайык, 2007-жылдын 25-майындагы №72 "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамдын 7-беренесинин 4-бөлүгү (пландан тышкары текшерүүлөр) жаңы редакцияда берилген. Мыйзамда адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын камсыз кылууга байланыштуу учурларда (жугуштуу оорулардын жана жапырт жугуштуу эмес оорулардын болуу коркунучу же пайда болушу жана таралышы, техногендик мүнөздөгү авариялар) текшерүүлөр пландан тышкары жүргүзүлүшү мүмкүн экендиги каралган. Калктын саламаттыгына жол берилбес таасирдин себептерин жана булактарын табуу жана алардын алдын алуу жана четтетүү боюнча чараларды көрүү максатында мындай текшерүүлөр күтүлбөгөн мүнөздө болуп, жазуу жүзүндөгү багыттамасыз (билдирмесиз) жүргүзүлүшү мүмкүн. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: