Декларация: Депутат Өмүрбек Абдрахманов “былтыркы кирешем 886 миң сом” дейт

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов былтыр 833 225 сом маяна алганын тапшырган декларациясында көрсөттү. Документте депутаттын 2013-жылы 52 800 сом пенсия алганы жазылат. Ошондо депутаттын былтыркы жалпы кирешеси 886 025 сомду түзөт. Кыймылсыз мүлктөрү: 333 чарчы метр аянтты ээлеген дүкөндүн бир бөлүгү, 1078 чарчы метр аянтты ээлеген дүкөндүн бир бөлүгү. Автоунаалары: 2009-жылы чыгарылган Лексус 570, 2006-жылы чыгарылган Тойота Лэнд Крузэр.
Абдрахмановдун жакындары былтыр 26 400 сом киреше тапса, 350 жана 300 чарчы метр аянтты ээлеген 2 үйгө, 120 чарчы метр жерди ээлеген дачага, 333 чарчы метр аянтты ээлеген дүкөндүн бир бөлүгүнө ээлик кылышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

