super.kg logo
  Саясат  

Декларация: Депутат Азамат Арапбаев былтыр 53 миллион 441 миң сом киреше тапкан

 

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев былтыр 53 миллион 441 205 сом киреше тапса, анын 802 238 сомун маяна катары парламенттен алган. Калганы кошумча кирешеси. Тапшырган декларациясында кыймылсыз мүлктөрү катары булар көрсөтүлөт:

1356,4 чарчы метр аянтты ээлеген база (МТС);

813,7 чарчы метр жерди ээлеген имарат;

350 чарчы метр жердеги унаага май куюучу станция (АЗС);

8206 чарчы метрлик жер тилкеси.

Кыймылдуу мүлктөрү:

1989-жылы чыгарылган оор жүк ташуучу прицеп ВЦП12;

1989-жылы чыгарылган кичи прицеп ОДА 39370;

ДЭУ Матиз автоунаасы, 1998-жылы чыгарылган;

ВАЗ 21074 автоунаасы, 1998-жылы чыгарылган;

Лексус LX570 автоунаасы, 2010-жылы чыгарылган.

Арапбаев "Даннур-Юг", “Даннур-Юг Курулуш” жана “Ош ойл ЛТД” компанияларынын ээси, "ЮКСМ" компаниясынын 50 пайыздык акциясына, "Алтын-Суу" компаниясынын 57,45 пайыздык акциясына, “ШКЗ” компаниясынын 67 пайыздык акциясына, “Узгенэнергоуголь” ишканасынын 33,4 пайыздык акциясына ээлик кылат. Депутаттын жакындарынын кыймылсыз мүлктөрү: 852 чарчы метрлик жер тилкеси, 156 чарчы метр аянтты ээлеген батир, 19 чарчы метр жерди ээлеген имарат, 1397 чарчы метрлик жер тилкеси, 214 чарчы метр аянтты ээлеген дүкөн. Автоунаасы - 2011-жылы чыгарылган Тойота ВАВ. Алар "Sphere KG" компаниясынын 50 пайыздык акциясына, “Livеrpool” компаниясынын 50 пайыздык акцияларына ээлик кылышат.

Депутаттын 2012-жылкы кирешеси бул жакта. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: