Декларация: Депутат Алмазбек Баатырбеков 2013-жылы тапкан акчасы 1 миллион 333 миң сом экенин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков 2013-жылы жалпы 1 миллион 333 459 сом киреше тапса, анын 833 459 сомун маяна катары алган. 500 миң сомун бизнестен тапкан. Маалымат депутаттын жылдык кирешеси жана мүлкү тууралуу тапшырган декларациясынан алынды. Баатырбеков 0,10 гектар жер тилкесине, аары чарбасына ээлик кылат.
Депутаттын жакындары 45,7 чарчы метрлик батирдин ээси. Алардын жылдык кирешеси документте көрсөтүлгөн жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

