super.kg logo

Москванын тургуну эки бөлмөлүү батиринде 200 итти багууда

 

Эки бөлмөлүү батирге канча итти батырса болот? Бул суроонун жообун эми Москва шаарында жашаган Наталья Кулешованын кошуналары билишет. Алар буга чейин иттердин үргөнүнө жана алардын каңырсыган жытына чыдап келишкен. Бирок кошунасынын эки бөлмөдө 200 ит багып жатканы алардын оозун ачырды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Натальянын кошуналары анын 15 жылдан бери ит багып сатарын билишчү. Бирок мынчалык көп санда деп ойлошкон эмес. Анын түрдүү породадагы көп сандаган ит багары астындагы кошунасынын үйүнө суу каптатып жибергенде билинип отурат. 

Алгач кошуналар Натальянын маселесин ич ара эле чечип алууну чечишет. Тилекке каршы, эч кандай жыйынтык чыкпаган соң укук коргоо органдарына кайрылышкан. Полиция кызматкерлери келгенде Кулешованын эки бөлмөлүү квартирасы иттер салынган капастарга жык толгону, алар тамаксыз, суусуз жашашары белгилүү болгон. Жаныбарлардын мындай шартта жашаганы кожойкени кызыктырып да койбойт экен. Ал иттеринин үрүп, улуганына да көнүп бүтүптүр. "Иттери кечке улуп-уңшуйт. Чыккан жытты айтпай эле коёлу. Даттансак кулак сыртынан кетирип коёт. Эч кимге эшигин ачпайт. Итин сатарда гана сыртка чыгып, кардар менен жолугушат",- дейт кошуналарынын бири. 

Полиция кызматкерлери кийинки жолу "Тез жардам" унаасын ала келишти. Учурда дарыгерлер Натальянын психикалык жактан жабыр тарткан-тартпаганын аныкташууда. Эгер чын эле жабыркаса, анда иттер жаныбарларды коргоо бөлүмдөрүнө өткөрүлүп берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
28.05.2014. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кызык экен орус оюндагын кылат деген туура.
28.05.2014. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобо орустар,нелерди гана кылышпайт.
28.05.2014. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фуу жийиркеничтуу
28.05.2014. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен билгенден быйыл тортунчу жылдан бери кошуналары бул айалдан кутула албай келишетко
28.05.2014. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир ит эле канча сасыйт, 200 айтпале коеюн.
28.05.2014. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алар деген оздору сасыйт болчу иттери м н батып эле калганго. ХХХ ХХХ тан калбай койсок деле болчуудай.
Модератор admin_portal түзөттү 28.05.2014 16:34
28.05.2014. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aimeerimka - эскертүү!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
28.05.2014. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ит жакпайт эч. Мышыкты коргум келбейт. Синдим ит багат, улам жок кылабыз. Аны да эч тушунбойм. б-р-р-р-р
28.05.2014. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул аял жанылыкта тв дан да чыгып жургон болуш керек. Кошуналары арызданган коп болдуго. Бул хобби би же бизнеспи?
08.06.2014. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ит мышыктан аябай жийиркенем.
14.08.2014. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орустар ушундай, биздин алдыңкы этаждарда дагы толтура мышык багышат, сасыгын айтпай эле коёюн... чын эле ушундай кишилердин психикасы бузук.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: