Алайдагы митингге чыккандар "Жогорку Кеңештин депутаттары келсин" деген талап коюшууда
27-май. Алайдагы митингчилер Ахматбек Келдибековду абактан бошотууну талап кылышууда.

Алайда Ахматбек Келдибековдун Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп турган тарапташтары Жогорку Кеңештин депутаттарынын келүүсүн талап кылышууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Айтымында, депутатты колдоп чыккандар 28-майга караган түнү дагы бир боз үйдү Ош - Эркеч-Там унаа жолунун ортосуна тигип алышкан. Ал эми учурда митингге чыккандарды милиция кызматкерлери көзөмөлгө алууда.
Эскерте кетсек, 27-майда Алай районунун Сопу-Коргон айылында абакта жаткан Ахматбек Келдибековдун тарапташтары анын бошотулушун талап кылып митингге чыгышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

