Кыргызстандын Корея Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы карызына байланышкан мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү
Жогорку Кеңеште бүгүн, 28-майда кыргыз өкмөтү менен Корея Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы "Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо" долбоору боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди. Маалыматка таянсак, 1998-жылы “Кыргызтелеком” ишканасын жаңылоо үчүн 15,4 миллион доллар насыя алынган. Азыр кыргыз тарап жылына 1,1 миллион доллар өлчөмүндө насыянын негизги суммасын төлөөдө. Ошондон улам төлөм көлөмүн азайтуу максатында корей тарап менен келишимдин мөөнөтүн 2045-жылга чейин узартып, жылына 300 миң доллар каражат төлөп туруу жагы каралууда.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

