super.kg logo
  Саясат  

Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдө өзгөчө кырдаалдар болгон учурларда көмөктөшүүнү өнүктүрүү маселеси парламентте каралды

 
Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда чукул кырдаалдарды жоюуга жардам көрсөтүүдө өз ара аракеттенүү жөнүндө 2005-жылдын 26-октябрындагы макулдашууга карата протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун билдиришинче, сунушталып жаткан мыйзам долбоору ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда табигый жана техногендик мүнөздөгү чукул кырдаалдарды жоюуда колдоо, жардам жана көмөк көрсөтүү, анын ичинде мамлекеттердин-тараптардын биринин аймагында өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда өз ара жардам көрсөтүү жаатында кызматташтыкты жана коопсуздукту өнүктүрүү максатында иштелип чыкты. Талкуу соңунда Эл аралык иштер боюнча комитеттин корутундусу менен мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жолдонду. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: