super.kg logo
  Саясат  

Мыктыбек Абдылдаев: “20 жылда эч нерсе кылган жок деп мурунку бийликти жамандайбыз, биз деле 4 жылдан бери эч нерсе жасай элекпиз”

 

“20 жылда эч нерсе кылган жок деп мурунку бийликти жамандайбыз, биз деле 4 жылдан бери эч нерсе жасай элекпиз” деди депутат Мыктыбек Абдылдаев парламенттин 28-майдагы жыйынында. Депутат мындай пикирин КРнын Өкмөтү менен Орусия өкмөтүнүн ортосундагы "Атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатканда айтты. “Кыргызстандагы калдык сактоочу жайлардын коопсуздугу үчүн буга чейин далай акча каралган, бирок ишке ашкан эмес. Бул жолу да ишке ашпайт, менин көзүм жетип турат. 20 жылдан бери эч нерсе жасалган жок деп мурунку бийликти айыптайбыз, чынында 4 жылдан бери биз деле эч нерсе кыла элекпиз. Эгер демилге ишке ашпай калса, ким жооп берет?”- деп суроо берди. 

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов “эгер министрлик тараптан кемчилик кетсе, мен жооп берем” деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: