super.kg logo
  Саясат  

"Кыргызстанда колдонуу мөөнөтү бүтүп калган курал-жарактарды жок кылып жатабыз" деди коргоо министри

 
Жогорку Кеңеште бүгүн, 28-майда Бишкекте былтыр кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Европадагы Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун ортосундагы "Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралды. Коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин айтымында, демилге ок атуучу куралдар менен ок-дарыларды сактоо кампаларын жаңылоого, ок-дарыларды сактоо ишине катышы бар адистердин билимин көтөрүүгө багытталган. Министр ушул кезге чейин ок атуучу куралдар менен ок-дарыларды сактоо мөөнөтү жана аларды жок кылуу жолдору так аныкталбаганын айтты. "Эскирген курал-жарактар бар, аларды колдонуу өтө опурталдуу. Мисалы, атсаң ок башка жакка кетип калышы мүмкүн. Эскирген куралдарды жок кылууну улантып жатабыз. Ошондуктан бул программанын алкагында бир катар алгылыктуу иштерди жасаса болот",- дейт ал. Бул долбоорду ишке ашырууга ЕККУ 2 миллион 200 миң евро суммасында гранттык каражат бөлөт. Мыйзам долбоору үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: