super.kg logo
  Саясат  

Дипломатиялык паспортту колдонуу эрежесин бузган аткаминерлерге жаза күчөтүлмөкчү

 
Кыргызстанда дипломатиялык жана кызматтык паспортту берүүдө, колдонууда жана кайтарып берүүдө мыйзам бузгандарга карата жазаны күчөтүү маселеси каралууда. Тийиштүү мыйзам долбоору бүгүн, 28-майда ЖКнын жыйынында каралууда. Тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаев көпчүлүк аткаминерлер кызматтан кеткенден кийин деле дипломатиялык паспортун мекеменин кадрлар бөлүмүнө тапшырбай колдонуп жүрүшкөнүн айтты. Мыйзам долбоору менен кызматкер иштен бошотулгандан кийин диппаспортун тапшырбаса, 4 миңден 10 миң сомго чейин айып салынат. 

Депутат Исмаил Исаков бул мыйзам кабыл алынганы менен, баары бир иштебей турганын айтты. Ал эми депутат Ыргал Кадыралиева "Жарандык паспортун албай, дипломатиялык паспорту менен иш сапарга чыккандар болушу мүмкүн. Алар өлкөгө кайтып келгенден кийин гана паспортун жокко чыгаралы. Айрым кызматкерлер иш сапарында жүргөн учурда кызматтан алынып калынууда" деп билдирди. 

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: