Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин тынчтыкты сактоочу миссияларга катышуусу мыйзамдаштырылууда
Жогорку Кеңештин 28-майдагы жыйынында “Кыргызстандын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоору милиция кызматкерлеринин тынчтыкты сактоочу миссияларга катышуу үчүн КРнын аймагынан тышкары жиберүү тартибин аныктоо боюнча укуктарды КРнын Өкмөтүнө мыйзамдуу бекемдөөгө багытталган.
Автор: Автандил Добулбеков
Депутат Турсунбай Бакир уулу бул жагдай жеке эле өкмөттө чечилбестигин, Жогорку Кеңештин макулдугу керектигин эске салды. Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев бул иш азыр практикаланып жатканын, 5 милиция кызматкери чет өлкөлөрдө иштеп жүргөндүгүн айтты.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жолдонду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

