super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: "Дооронбек Садырбаев дегенде көз алдыбызга өлкөбүздүн саясий жана маданий өнүгүүсүнүн өзүнчө бир доору келет"

 
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 28-майда белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Эл Баатыры, КРнын Эл артисти Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдык мааракесине арналып өткөрүлгөн жыйынга катышты. Анда сөз сүйлөгөн төрага мамлекеттик ишмердин басып өткөн жолуна токтолду.
"Бүгүн биз кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандырууга зор салым кошкон чыгаан инсандын, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмердин, улуттук маданиятыбызга көөнөрбөс дөөлөтүн таштап кеткен улуу сүрөткердин 75 жылдыгын белгилеп отурабыз.

Элибизде "күлүктүн баркын жүргөндө билесиң, жакшынын кадырын өлгөндө билесиң" деген накыл сөз бар. Биз кыргыз рухун туу тутуп, замандын кандай гана оомал-төкмөл мезгили болбосун, өзүнүн жарандык, атуулдук сапатын бийик сактаган, ошонусу менен кыргыз рухунун залкар тоосу катары көрүнгөн улуу инсандын элесине дагы бир жолу таазим кылып отурабыз.

Дооронбек Садырбаев дегенде биздин көз алдыбызга, биздин ой-туюмубузга өлкөбүздүн саясий жана маданий өнүгүүсүнүн өзүнчө бир доору келет. Бул улуу инсандын кыргыз кинематографиясынын, телекөрсөтүүсүнүн өнүгүүсүнө өзгөчө из калтырган көркөм-эстетикалык жагынан өтө терең кинотасмаларын айтпаганда да, эч нерседен тартынбай, улут үчүн, анын эркиндиги үчүн кара жанын берүүгө да даяр тургандыгы, үлгү болчу жүрүм-туруму менен гана эмес, ошондой эле өзүмчүл бийликтин үстөмдүгүнө баш ийбей, өзүнүн жарандык позициясын бекем тутканы, ошонусу менен саясатчылардан баштап улуттук интеллигенцияга таалим-сабак болгонун айтуу бүгүн өзгөчө маанилүү. Анткени кандай гана улут болбосун, коомдук өнүгүүнүн бардык баскычтарында дал мына ушундай улуу инсандарга муктаж болуп келген жана мына ушундай инсандарды жаратып турган",- деген төрага маркум Дооронбек Садырбаевдин тарыхтан алган орду боюнча узак сөз кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: