Ат-Башы районунда акыркы 5 айда 35 үй-бүлө ажырашканы айтылды
Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Майрамкүл Тиленчиева жана Эркингүл Иманкожоева 27-майда Ат-Башы районунун жергиликтүү кеңештеринин айым депутаттары менен жолугушту.
Жолугушууда кардиолог, балдар невропатологдорунун жетишсиздиги, УЗИ жана гастроскопия жүргүзүүчү аспаптардын жоктугу, мугалимдердин маянасынын аздыгы сыяктуу көйгөйлөр талкууланды. Жергиликтүү аялдар жаштардын арасында ажырашуулар көбөйүп жатканын белгилешти. Мисалы, акыркы 5 айда Ат-Башы районунда 35 бүлө ажырашкан.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдөрүндө гендердик теңчилик сакталбай жатканы да айтылды",- деп билдирет ЖКнын маалымат кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

