super.kg logo

Белгилүү кинорежиссёр Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу эскерүү кечеси болуп өттү (фоторепротаж)

Кыргыз Эл Баатыры Дооронбек Садырбаев көзү тирүү болгондо быйыл 75 жашка чыкмак.
Дооронбек Садырбаевдин жаш кези.
Дооронбек Садырбаев Медициналык институтта окуп жүргөн кезинде.
Дооронбек Садырбаев Чыңгыз Айтматовдон интервью алууда.
"Түркүн тагдырлар" фильмин тартуу учурунда.
Д.Садырбаев жубайы Сонунбүбү Көлбаева жана кызы Алымкан менен.
Небереси Алиаскар менен.
Иш-чаранын жүрүшүнөн.
Солдо Д.Садырбаевдин жубайы Сонунбүбү Көлбаева.
Иш-чарада Д.Садырбаев тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү.
Иш-чарага келген көрүүчүлөр.
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев, режиссёр Геннадий Базаров жана башкалар катышып, Дооронбек Садырбаев кыргыз элинин эсинде чыныгы атуул, мекенчил инсан катары сакталып калганын белгилеп өтүштү.

Иш-чарага композитор Муратбек Бегалиев да күбө болду.

Иш-чара филармониянын артисттери даярдаган концерттик программа менен жыйынтыкталды.
Иш-чара филармониянын артисттери даярдаган концерттик программа менен жыйынтыкталды.
Иш-чара филармониянын артисттери даярдаган концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Бүгүн, 28-майда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында белгилүү ишмер, кинорежиссёр жана акын Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу эскерүү кечеси болуп өттү.

Аземге КРнын Президентинин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев, КРнын мурдагы Президенти Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев, режиссёр Геннадий Базаров жана башкалар катышып, Дооронбек Садырбаев кыргыз элинин эсинде чыныгы атуул, мекенчил инсан катары сакталып калганын белгилеп өтүштү.

Салтанатка Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбүбү Көлбаева, үй-бүлөсү, жакын туугандары да катышты.

Иш-чарада ал тарткан тасмалардан үзүндү, ошондой эле басып өткөн жолу тууралуу даректүү тасмалар көрсөтүлдү. Аны менен катар көрүүчүлөр Дооронбек Садырбаевдин өмүр жолун чагылдырган көргөзмөгө күбө болушту.

Белгилей кетсек, Дооронбек Садырбаев 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында туулган. Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун аяктаган. Дооронбек Садырбаев 80ден ашуун даректүү тасмалардын, “Арман”, “Махабат дастаны”, “Эне бөрүнүн ыйы” өңдүү 16 көркөм тасманын автору. Анын 8 көркөм жыйнагы жана 700дөн ашык публицистикалык макаласы жарык көргөн. Дооронбек Садырбаев чыгармачыл адам катары гана эмес, саясатчы катары да таанылган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп, кыргыз эли башынан өткөргөн Үркүн жана Ош окуялары боюнча тасма тарткан.

Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 28-майда дүйнө салган. Каза болгондон кийин ага Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: