super.kg logo

Бүгүн Бишкекте Чек арачылар күнү жана Кыргызстандагы Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгы белгиленди (фоторепортаж)

 
КРнын Чек ара кызматынын айым кызматкерлери
Аскерлер убакыттан пайдаланып, сүрөткө түшүштү.
Иш-чара эстеликке гүлчамбар коюу менен улантылды.
Майрамдык иш-чарага орусиялык күч түзүмдөрүнүн аскерлери да катышышты.
Орусиялык күч түзүмдөрүнүн аскерлери эстеликке гүлчамбар коюшту.
КРнын мурунку Вице-премьер-министри Токон Мамытов
Иш-чара КРнын Мамлекеттик Гимни менен ачылды.
Иш-чара КРнын Мамлекеттик Гимни менен ачылды.
Иш-чара КРнын Мамлекеттик Гимни менен ачылды.
КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев
КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев: “Чек ара аскердик туугандыкты бекемдөөгө чоң салым кошот. Бүгүнкү күнү мамлекеттин жетекчилиги тарабынан чек арачыларга керектүү шарттарды түзүүгө чаралар көрүлүүдө”.

Бүгүн, 28-майда Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы сейил бакта Чек арачылар күнү жана КРнын Чек ара кызматынын 15 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы, полковник Райимберди Дүйшөнбиев катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Мындан тышкары КРнын Чек ара кызматынын параддык эсебинин 50 чакты аскери катышты.

Генерал-майор А.Алымкожоев өз сөзүндө чек арачылар менен сыймыктанарын белгиледи. “Чек ара аскердик туугандыкты бекемдөөгө чоң салым кошот. Бүгүнкү күнү мамлекеттин жетекчилиги тарабынан чек арачыларга керектүү шарттарды түзүүгө чаралар көрүлүүдө”,- деди ал.

Райимберди Дүйшөнбиев: “15 жыл анча узак эмес убакыт болгонуна карабастан, Чек ара кызматында бир топ жакшыртуулар байкалууда. Биз мамлекеттик чек арада коопсуздукка коркунуч келтирген экстремисттик күчтөр менен күрөшүүдө бир топ ийгиликтерге жеттик”,- деди.

Андан соң КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын мыкты кызматкерлери баалуу белектер менен сыйланышты. Иш-чара аскердик ансамблдин концерти жана сый тамак менен аяктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: