Тараз-Талас жолунун 109 чакырымын оңдоого насыя алуу боюнча макулдашууну парламент ратификациялады
Жогорку Кеңеш Бишкек шаарында 2013-жылдын 13-августунда кол коюлган Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча өкмөт менен "Сауд" өнүктүрүү фондунун ортосунда насыялык макулдашууну ратификациялады. ЖКнын 28-майдагы жыйынында тийиштүү мыйзам долбооруна 92 депутат "макул" деп добуш берди. Буга чейин транспорт жана коммуникация министринин орун басары Абдимамат Мурзабеков билдиргендей, узундугу 199 чакырым жол инвестиция тартыла турган эл аралык маанидеги жолдордун бири. Долбоорго Талас шаарынын негизги жолу да кошо камтылып, курулуш иши кийинки жылы башталат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

