Мамбетжунус Абылов: "Алайлыктардын митингге чыгышына Ахматбек Келдибеков каршы”
Алайда депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге өз демилгелери менен чыгып жатышат. Бирок Келдибеков мындай акцияга каршы. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов маалымат жыйынында билдирди.
Абылов Ахматбек Келдибековду коргоо комитетинин төрагасы катары Алайда Ош - Эркеч-Там жолун тоскондор жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен жолугуп, талаптарын укпаса, жол ачылбай турганын айтты. “Эгерде талаптар орундалбаса, эл өзүнүн таасирин көрсөтөт”,- дейт ал.
Жыйынга катышкан комитет мүчөлөрү коюлган талаптар орундалбаса, Бишкекте митинг өткөрүүгө аракет кылышарын кошумчалашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

