Жогорку Кеңеш өлкөдө ок-дарыларды сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча меморандумду ратификациялады
Жогорку Кеңеш бүгүн, 28-майда өкмөт менен Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун ортосундагы "Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө" меморандумду ратификациялады. Коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин билдиришинче, демилге ок атуучу куралдар менен ок-дарыларды сактоо кампаларын жаңылоого, ок-дарыларды сактоо ишине катышы бар адистердин билимин көтөрүүгө багытталган. Бул долбоорду ишке ашырууга ЕККУ 2 миллион 200 миң евро суммасында гранттык каражат бөлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

